
Жарыяланган
2025-24-11, 14:04Бүгүн, 24-ноябрда ЕРӨБдин “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында Бишкек шаарына жаңы автобустардын экинчи партиясы келди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган долбоордун негизинде жалпысынан 95 автобус алынган. Учурда калган автобустар жолдо келүүдө.
Буга чейин 20 даана автобус келген болсо, бүгүн кошумча 8 даана автобус келди.
Жалпы 28 даана автобус Бишкек шаарына жеткирилди.



