Жарыяланган
2025-08-09, 10:48Бишкектин Маевка айылында “Алтын-Казык” аттуу жаңы мал базар ишке кирди. Саамалыкка Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Министрдин айтымында, жаңы базар Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берүү максатында ачылды. Базар заманбап талаптарга ылайык курулуп, ветеринардык пункт, изолятор, намазкана, ашкана жана суткасына 200 бодо, 300 майда мал соючу касапкана жайгашкан.
Бишкек мэриясы “Жантай”, “Пригородный”, “Эски Толчок” жана “Нарбото” мал базарларын ушул жаңы базарга көчүрүп, талапка жооп бербеген 20дан ашык мал союучу жайларды жабылаарын билдирген.
“Алтын-Казык” базарынын жалпы аянты 4 гектарды түзүп, 1520 майда мал жана 600 бодо мал үчүн атайын жабык орундар бар. Ишенби жана жекшемби күндөрү фермерлер үчүн сырттан мал сатууга кенен аянтча каралган. Долбоорго 200 млн сомдон ашык каражат жумшалган.