Akchabarsearch
    Айыл Банк BIFF 2025 форумунда “АБиллинг” санариптик платформасын коомчулукка сунуштады
    arrow right
    arrow right

    Жарыяланган

    2025-30-05, 18:22

    Айыл Банк BIFF 2025 форумунда “АБиллинг” санариптик платформасын коомчулукка сунуштады

    Бүгүн Бишкек шаарында өтүп жаткан Bishkek International Finance Forum (BIFF 2025) иш-чарасынын алкагында Айыл Банк мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү болгон ABilling жаңы санарип платформасын коомчулукка сунуштады.

    ABilling — бул айыл өкмөт, мектеп, оорукана жана коммуналдык кызматтарга эсеп дүмүрчөк чыгарууда, QR аркылуу төлөм кабыл алууга, эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүгө жардам берген жөнөкөй веб-система. Бул платформа кошумча чыгымдарсыз жана IT адистердин жардамысыз иштөөгө мүмкүндүк берет.

    ABilling’дин негизги артыкчылыктары:

    • Төлөмдөрдү тез жана ачык кабыл алуу
    • Процесстердин толук автоматташтырылышы жана аналитика
    • Жарандар үчүн ыңгайлуулук, мамлекет үчүн натыйжалуулук

    Платформа азырынча БАРУ базасында пилоттук режимде иштеп жатат жана алгачкы колдонуучулардан жакшы баа берилүүдө.

    «Биз жергиликтүү бийлик үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү санариптик куралдар канчалык маанилүү экенин көрүп турабыз. ABilling мамлекет менен жарандардын ортосундагы көпүрө болуп кызмат кылат. Бул платформа кызмат көрсөтүүлөрдү ыкчам жана ыңгайлуу алууга жол ачат. Бул ачык, заманбап жана натыйжалуу башкарууга карай жасалган олуттуу кадам»,— деп белгиледи Айыл Банктын Башкармасынын төрагасыТилек Алимжанов.

    Жаңы платформа өлкөнүн бардык аймактарында — алыскы айыл өкмөттөрдөн тартып, ири мамлекеттик мекемелерге чейин төлөм процесстерин жөнөкөйлөтүүгө жана автоматташтырууга жол ачат.

    Айыл Банк санариптик трансформация багытын улантып, чыныгы турмушта, элге жеринде иштей турган чечимдерди иштеп чыгууда.

    Улуттук банктын лицензиясы № 048


    Тектеш материалды окуу