Жарыяланган
2025-03-06, 16:03Жыл башынан бери беш айда Ветеринардык кызматтын атайын эсебине кызмат көрсөтүүдөн 84 млн сом түштү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Ал акчанын 40 млн 538,6 миң сому эмгек акыны төлөөгө, 6 млн 992,9 миң сому Социалдык фондго чегерүүлөргө жана 4 млн 53,9 миң сому киреше салыгын төлөөгө сарпталган.
План боюнча 2024-жылы Ветеринардык кызмат атайын эсебине 200 млн 983,5 миң сом чогултушу керек. Беш айда 84 млн сом түшүп, жылдык план 41,8 %га аткарылган.