Жарыяланган
2025-05-06, 15:13Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басарлары алмашты. Бул туралуу аталган министрликтен билдиришти.
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон документке ылайык, Нурсултан Кубанов министрдин биринчи орун басары, Азиз Пирмаматов жана Айбек Омор уулу министрдин орун басары болуп дайындалды.
Министрликтин сайтындагы маалымат боюнча, буга чейин орун басарлык кызматта Замирбек Кожомуратов, Сергей Слесарев жана Рахат Жусумамбетова ээлеп келген.