Akchabarsearch
    ГЭС-5 суу сактагычында кубаттуулугу 15 МВт болгон күн электр станциясын куруу пландалууда

    Жарыяланган

    2025-06-06, 19:28

    ГЭС-5 суу сактагычында кубаттуулугу 15 МВт болгон күн электр станциясын куруу пландалууда

    ГЭС-5 суу сактагычында кубаттуулугу 15 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

    Маалым болгондой, буга чейин ГЭС-5 суу сактагычында Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен сыноо иретинде кубаттуулугу 100 кВт болгон күн панелдери орнотулган. Учурда ал электр энергия өндүрүп иштеп жатат.

    Эми ГЭС-5 суу сактагычынын бетин толук күн панелдери менен жаап, кубаттуулугу 15 МВтка жеткен станция куруу пландалууда. Министрлик Азия өнүктүрүү банкына бул долбоорго тезирээк киришип, биргеликте ишке ашырууну сунуштады. 


    Тектеш материалды окуу