Жарыяланган
2025-06-06, 14:01Былтыр Кытайдан Кыргызстанга 128 миңдей турист келген. Бул тууралуу Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаеванын эки өлкөнүн алакасы тууралуу "Синьхуа" маалымат агенттигине жарыяланган макаласында айтылат.
Эки өлкөнүн кызматташуусу ар тараптуу өнүгүп жатканын айткан элчи туризм тармагында чоң жылыштар бар экенин белгилеген. Ал Кыргызстанга келүүгө ашыккан кытайлык туристтердин өсүп жатканын билдирген.
"2024-жылы биздин өлкөгө Кытайдын 128 миңге жакын жараны келип кеткен. Ал 2023-жылга караганда 56%га көп. Биздин асман тиреген тоолор, тунук көлдөр, өзгөчөлөнү турган улуттук-маданий салттарыбыз өлкөбүзгө Кытайдын жарандарын өздөрүнө тартып турат", - дейт Мусаева.