Жарыяланган
2025-06-06, 17:46Өкмөт "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттин ишканасын түздү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомдо аталган компания Ысык-Көл облусунда жайгашкан мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу үчүн түзүлгөнү айтылат.
Эми президенттин облустагы өкүлчүлүгү компанияны юстиция органдарында каттоодөн өткөрүшү керек. Ошондой эле компаниянын ишин уюштуруу үчүн 5 млн сом бөлүп берүү сунушу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин кароосуна коюлат.
Бул токтом расмий жарыяланган тартып 15 күндөн өткөндөн кийин, 21-июнда күчүнө кирет.