Akchabarsearch
    Быйыл 48 адамга бөйрөгүн алмаштыруу боюнча акысыз операция жасоо пландалууда

    Жарыяланган

    2025-05-06, 12:55

    Быйыл 48 адамга бөйрөгүн алмаштыруу боюнча акысыз операция жасоо пландалууда

    Быйыл Кыргызстанда Эне жана баланы коргоо борборунда бөйрөк алмаштыруу боюнча 48 операция жасоо пландалууда. Операцияларга кеткен чыгымдар республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт. Ага жалпы 29.6 млн сом же бир операцияга 617 миң сомдой акча каралган. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. 

    Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бөйрөктү алмаштыруу операциясы дайыма гемодиализ алып жүргөнгө караганда арзан турат: бир бейтапка гемодиализге жылына 900 мин сом сарпталат. Ошол эле учурда трансплантациядан кийин дары-дармекке 250 миң сом кетет. 

    2024-жылы президенттин демилгеси менен 26 акысыз операция жасалган. Эми ал программа боюнча көбүрөөк адамга операция жасоо пландалууда. 


    Тектеш материалды окуу