
Жарыяланган
2025-05-06, 16:29Келерки жылы Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.
Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, Нурланбек Тургунбек уулу Жалал-Абадга болгон иш сапары учурунда Ала-Бука айылындагы Жалпы дарыгердик практика борборунун Кеңеш берүү жана диагностика бөлүмүнүн жана Ала-Бука райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борборунун лабораториясынын имараттарын көрүп чыккан.
Эки имарат тең 1950-жылдары курулуп, азыркы тапта авариялык абалда. Имараттардын эскилиги жетип, медициналык жайлардын шарт-жагдайы да талапка жооп бербейт.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу тиешелүү жетекчилерге аталган имараттардын ордуна жаңыларын куруу тапшырмасын берген.
Ошондой эле ал дарыгерлер менен баарлашып жатып, келерки жылдын башынан тартып медицина кызматкерлеринин айлыгы сезилерлик деңгээлде көтөрүлөрүн айткан.
"Дени сак улут – дени сак мамлекет. Андыктан саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү өлкөбүздүн башкы багыты. Айрыкча калктын саламаттыгын чыңдаш үчүн аталган тармакта эмгектенген медициналык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатышыбыз керек. Дарыгерлердин айлыгы кеминде 70-80 миң сомдон өйдө болгондо гана аларга талапты коюп, тармакты алдыга жылдыра алабыз", – дейт ал.



