Akchabarsearch
Казакстан чет жактан жумуртка импорттоого бир айга тыюу салды

Жарыяланган

2025-12-12, 16:47

Казакстан чет жактан жумуртка импорттоого бир айга тыюу салды

Казакстан чет жактан жумуртка импорттоого бир айга тыюу салды. Аталган буйрук 11-декабрда күчүнө кирди.

Мындай чечим өлкөдөгү жумуртка өндүргөн ишканаларды колдоо үчүн кабыл алынган. 

Ошол эле бул тыюу салуу Казакстандын аймагы аркылуу ташылып өткөн жумурткаларга тиешелүү болбойт. 

Казакстан быйыл апрель айында да жумуртканы импорттоого алты айга тыюу салган.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстан жумуртканы бир гана Казакстанга экспорттоодо. Быйыл тогуз айдын жыйынтыгы менен Кыргызстан коңшу өлкөгө дээрлик 8.5 млн даана жумуртка саткан. 


Тектеш материалды окуу