Akchabarsearch
    Учактарды күйүүчү май менен камсыздаган компаниянын директору алмашты

    Жарыяланган

    2025-03-06, 16:55

    Учактарды күйүүчү май менен камсыздаган компаниянын директору алмашты

    "Кыргызстан Аэропорттору" ААКсына караштуу "Асман Ойл Компани" компаниясынын башкы директору алмашты.

    "Кыргызстан Аэропортторунун" маалыматы боюнча, 21-майда Тилек Кадырбердиев башы директор кызматынан бошотулуп, 22-майда анын ордуна директордун милдетин аткаруучу болуп Азамат Кадыров дайындалган.

    Ал эми 28-майда Кадыровдун ыйгарым  укуктары токтотулуп, эртеси күнү башкы директор кызматына Марсел Адылбаев дайындалган. 

    "Асман Ойл Компани" мурда "ИНТЭК" деп аталып келген. Ал атын 2023-жылы өзгөрткөн. Компания 2003-жылдан бери иштеп келет.  

    "Асман Ойл Компани" учактарды күйүүчү май менен камсыз кылат. 


    Тектеш материалды окуу