Akchabarsearch
    Иш берүүчүлөр жумушчуларга 4.3 млн сом кенемте төлөп берди

    Жарыяланган

    2025-04-06, 18:18

    Иш берүүчүлөр жумушчуларга 4.3 млн сом кенемте төлөп берди

    Быйыл беш айда Кыргызстандагы иш берүүчүлөр жумушчулардын укугун бузганы үчүн 4.3 млн сом төлөп берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

    Пландык жана пландык эмес текшерүү учурунда эмгек мыйзамдарын бузуу аныкталып, жумуш берүүчүлөргө 4 млн 949.6 миң сом айып жана милдеттүү төлөм белгиленген.

    Анын ичинен иш берүүчүлөр кызматкерлерге эмгек укуктарынын бузулганы үчүн 4 млн 318.6 миң сом кенемте төлөп берген. Бул акчалар негизинен эмгек келишими жок иштеген, негизсиз жумуштан бошотулган же жумуш учурунду жаракат алган кызматкерлерге төлөнгөн.

    Аныкталган мыйзам бузуулар:

    • Эмгек келишимдин жоктугу
    • Эмгек китепчесинин жоктугу
    • Жумуш шарттарынын жана эмгек акынын мыйзам талаптарына туура келбегендиги
    • Эмгекти коргоо талаптарынын аткарылбагандыгы
    • Жумуш учурундагы кырсык тууралуу убагында кабар бербей, кенемте төлөөдөн качуу аракети

    Аталган фактылар боюнча тиешелүү административдик чаралар көрүлүп, жумуш берүүчүлөргө мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча эскертүү берилген. 


    Тектеш материалды окуу