Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-29-08, 12:11

«Айыл Банк» менен «Элдик Банк» «Социалдык келишим» боюнча пайызсыз насыя берет

«Айыл Банк» менен «Элдик Банк» «Социалдык келишим» программасынын алкагында пайызсыз насыя алуу үчүн арыздарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.  

Бул демилге социалдык келишимдин катышуучуларын бизнести же чарбалык жер тилкелерин кеңейтүү жана колдоо үчүн кредит берүү аркылуу колдоого багытталган. 

2024-жылы «Социалдык келишим» программасын ишке ашырууга 2 миллиард сом бөлүнөт. Президент Садыр Жапаров “Жаңы кадам” социалдык мобилизациялоо боюнча республикалык кеңешмеде белгилегендей, бул программа аз камсыз үй-бүлөлөргө ар кандай форматтагы колдоо көрсөтүү аркылуу жакырчылыктан чыгууга жардам берет. Мындай форматтардын бири 200 миң сомго чейин үч жылдык мөөнөткө пайызсыз кредиттер болуп саналат. Аны 6 айдан кем эмес ийгиликтүү ишмердүүлүгүн далилдеген социалдык контракттын катышуучулары ала алышат. 

«Пайызсыз насыя алган программанын катышуучуларына үч ай жеңилдетилген мөөнөт берилип, андан кийин үч жыл бою ай сайын бирдей үлүштөр менен насыяны төлөп турушат. Белгилей кетчү нерсе, программанын алкагында социалдык контрактты ийгиликтүү ишке ашырган алгачкы 600 адамга эң төмөнкү пайыздык чен менен насыя берилет», - деп белгилейт Эмгек министрлиги. 

Эскерте кетсек, социалдык контракт – бул аз камсыздалган үй-бүлө менен Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмүнүн ортосундагы келишим. Анын алкагында үй-бүлөгө чакан бизнес ачууга жана өнүктүрүүгө 100 миң сом берилип, бирок ошол эле учурда "Үй бүлөгө көмөк" жөлөкпул алуу укугу үч жылга чектелет. 

Бүгүнкү күндө программага 12 миңден ашык үй-бүлө катышууда.


Тектеш материалды окуу