Akchabarsearch
Айыл чарба министри “Белая Река” заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Жарыяланган

2026-16-03, 10:18

Айыл чарба министри “Белая Река” заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан “Белая Река” сүт заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапар Садыр Жапаров берген аймактарды кыдыруу жана эпизоотиялык абалды жеринде кароо тапшырмасынын алкагында өттү.

Адистердин маалыматына ылайык, ишканада мал ылаңы катталган эмес жана өндүрүш коопсуздук талаптарына толук жооп берет.

“Белая Река” ишканасы өлкөдөгү алдыңкы сүт өндүрүш ишканаларынын бири болуп саналат. Завод күнүнө орточо 60 тонна сүттү кайра иштетип, 140тан ашуун түрдөгү табигый сүт азыктарын өндүрөт. 

Компаниянын продукциясы ISO 22000 эл аралык стандарты жана “Халал” сертификаты менен тастыкталган.

Бул иш сапар сүт өндүрүшүндөгү сапатты жана коопсуздукту көзөмөлдөө, ошондой эле тармактагы тажрыйба алмашууга багытталды.


Тектеш материалды окуу