
Жарыяланган
2026-17-03, 17:4317-мартта айыл чарба министри Эрлист Акунбеков жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйында дыйкандарды жер семирткичтер менен толук камсыз кылуу, агротехникалык колдоону күчөтүү жана өсүмдүктөрдү коргоо чараларын күчөтүү маселелери каралды.
Ошондой эле чет өлкөдөн алып келинген көчөттөргө көзөмөлдү күчөтүү жана ички рыноктогу мыйзамсыз соодага каршы рейддерди жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Министр жазгы талаа иштеринин өз убагында жана сапаттуу өтүшү өзгөчө көзөмөлдө болорун белгиледи.



