Akchabarsearch
Кайра иштетүү тармагында миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү

Жарыяланган

2026-09-01, 15:43

Кайра иштетүү тармагында миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү

Кайра иштетүү тармагында миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө 483 кайра иштетүүчү ишкана иштеп жатат, анын 39у жаңы ачылды.

Ошондой эле 5 200 чакан ишкана бар, алардын 61и быйыл түзүлгөн. Логистикалык инфраструктура да кеңейип, 40 соода-логистикалык борбор, 264 жашылча сактоочу кампа жана 115 мал союу пункту ишке кирди.

56 ишканада эл аралык сапат стандарттары киргизилди. Айыл жеринде биригүү күч алып, 821 айыл чарба кооперативи иштеп жатат, анын 68и жаңы.


Тектеш материалды окуу