Akchabarsearch
Айыл чарба министрлиги элди арзан эт менен камсыз кылыш үчүн 2 миң бодо малды багып, семиртүүдө

Жарыяланган

2026-29-09, 17:58

Айыл чарба министрлиги элди арзан эт менен камсыз кылыш үчүн 2 миң бодо малды багып, семиртүүдө

Айыл чарба министрлиги 2 миңге жакын бод мал сатып алып, аларды бордоп байлап, элге арзан эт сатуу ишин колго алууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу билдирди.

Анын айтымында, азыр чоң шаарларда бааны кармап туруу үчүн алар эт саткан фудтрактарды ачкан. Маселен Бишкекте 10 пункт иштеп жатат. Жыл аягына чейин дагы 30ду ачуу пландалууда. Ал эми келерки жылы 100 пункт ачылат. 

Белгилей кетсек, аталган жерлерде эттин килограммы 680 сомдон сатылат.

Аталган фудтрактарды эт менен камсыз кылуу үчүн министрлик 2 миңге жакын бодо мал алган. Ал бодо малды багып-кармаш үчүн министрлик Союздан калган эски сарайларды оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. 

Ал жерде мал семиртилип, андан кийин жанагы фудтрактар аркылуу элге сатылат. 


Тектеш материалды окуу