
Жарыяланган
2026-29-09, 15:44Бишкек – Балыкчы поезди 3–4-октябрь күндөрү кошумча каттамга чыгат. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасы билдирди.
Бул чечим жүргүнчүлөрдүн суранычтарын эске алуу менен кабыл алынган.
Поезддин жүрүү убактысы жана жол кире акысы өзгөргөн жок. Каттам мурдагы белгиленген графикке ылайык жүргүзүлөт.



