
Жарыяланган
2026-29-09, 14:07Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу легендарлуу швейцариялык «La Landwehr de Fribourg» үйлөмө оркестри Бишкекте өнөрүн тартуулайт«КСБ Коммерциялык Банкы» ЖАК Кыргыз Республикасындагы Швейцария Элчилигинин колдоосу менен өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Европанын эң байыркы жана абройлуу музыкалык коллективдеринин бири — француз тилдүү Швейцариянын маданий символу болгон «La Landwehr de Fribourg» үйлөмө оркестрин Бишкекке чакырат. 2026-жылдын 18-октябрынан 23-октябрына чейин оркестр Кыргызстандын борборунда тарыхый сапарга арналган өзгөчө программа менен бир катар концерттерди жана маданий иш-чараларды тартуулайт.
Оркестр Швейцариянын Фрибур шаарынын жана катонунун расмий музыкалык коллективи болуп саналат. Анын тарыхы 1804-жылдан башталат. Алгач аскердик музыкалык корпус катары түзүлгөн оркестрдин салтын эки кылымдан ашык убакыттан бери 100 музыканттан турган чыгармачыл коллектив улантып келет. Оркестрди швейцариялык дирижёр, композитор жана Фрибур жогорку музыкалык мектебинин окутуучусу Бенедикт Хайоз жетектейт.Коллектив маданий мурастарды сактоого жана кийинки муундарга өткөрүп берүүгө өзгөчө маани берет. Оркестрдин алдында музыкалык мектеп да иш алып барат. Анда Фрибурдун жаш музыканттары улуу муундун өкүлдөрүнөн музыкалык салттарды жана чеберчиликти үйрөнүшөт.
220 жылдан ашуун тарыхында оркестр Швейцариянын атынан мамлекеттик салтанаттарда, расмий кабыл алууларда жана эл аралык маданий иш-чараларда бир нече ирет өнөрүн тартуулап келген. Жамаат Токиодон Дакарга, Торонтодон Тегеранга, Вашингтондон Мумбайга чейин дүйнөнүн дээрлик бардык континенттериндеги сахналарда концерт койгон.Алардын арасында Нью-Йорктогу Carnegie Hall, Австралиядагы Sydney Opera House жана Буэнос-Айрестеги Teatro Colón сыяктуу дүйнөгө белгилүү абройлуу сахналар бар.
Бишкекке болгон сапар «La Landwehr de Fribourg» оркестринин Борбор Азиядагы алгачкы гастролу болот.
18-октябрь — Эркиндик бульварындагы майрамдык жүрүш, саат 13:00
Жүрүш Эркиндик бульвары менен Ж. Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинен башталып, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин алдында аяктайт.Борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын оркестри жана «La Landwehr de Fribourg» үйлөмө оркестри өз өнөрлөрүн тартуулашат.Иш-чарага бардык каалоочулар катыша алышат.
21-октябрь — К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында мастер-класс, саат 12:00
Швейцариялык музыканттар үйлөмө жана урма аспаптар бөлүмүнүн студенттери менен тажрыйбасы жана кесиптик чеберчилиги менен бөлүшөт.Ошондой эле бул күнү Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы көп жылдык маданий байланыштарды мындан ары бекемдөөгө багытталган Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлат.
22-октябрь — А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрындагы салтанаттуу концерт, саат 19:00
Кече швейцариялык атактуу «La Landwehr de Fribourg» духовой оркестринин концерттик программасы менен башталат. Программада оркестрдин репертуарындагы чыгармалар жана кыргыз композиторлорунун чыгармалары жаңырмакчы. Кеченин кульминациясы катары кыргыздын салттуу музыкалык аспаптары Батыш Европанын духовой оркестри менен айкалышып, уникалдуу музыкалык коллаборация тартууланат. Бул Кыргызстанда өзгөчө форматтагы музыкалык тажрыйбаны тартуулаган алгачкы иш-чаралардын бири.
22-октябрдагы концертке билеттер Ticket.kg сайтында жеткиликтүү.
Иш-чаранын уюштуруучусу: «КСБ Коммерциялык Банкы» ЖАК, Кыргыз Республикасындагы Швейцария Элчилигинин колдоосу менен.Кошумча маалымат алуу үчүн:
0553 99-77-99 Ниссо
0559 29-10-98 Ниссо (W/a)
2424 КСБ Коммерциялык Банк байланыш номери
Толук маалымат: https://www.instagram.com/p/DcflQsijpEM



