Akchabarsearch
«Айыл чарбасын каржылоо – 14»: Жыл башынан бери 5.5 млрд сомго насыя берилди

Жарыяланган

2026-21-09, 16:09

«Айыл чарбасын каржылоо – 14»: Жыл башынан бери 5.5 млрд сомго насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо – 14» долбоорунун алкагында жыл башынан бери 5.5 млрд сомго жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. 

Маалым болгондой, жыл башынан тарта 5 млрд 448 млн сомго 8 миң 256 насыя берилген. 

Мунун ичинен 4 млрд 939 млн сомго жакын акча мал чарбасы үчүн алынган.  Өсүмдүк өстүрүүгө – 445.2 млн сом, суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө – 63.3 млн сом берилген.

Бул жеңилдетилген насыяларды 6% үстөк менен 36 айга чейин алууга болот. Аталган кредит  «АБанк» жана «Элдик Банк» аркылуу берилет. 
 


Тектеш материалды окуу