Akchabarsearch
Депутат: Жеке мектеп, бала бакчадагы бааларды ким көзөмөлдөйт?

Жарыяланган

2026-21-09, 13:58

Депутат: Жеке мектеп, бала бакчадагы бааларды ким көзөмөлдөйт?

Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов жеке менчик мектеп жана бала бакчалардагы окуу акысын көзөмөлгө алуу керектигин билдирди.

Анын айтымында, азыр аймактардагы жеке мектеп жана бала бакчалар өзүн-өзү актабай, чыгаша иштеп жатат. Ал эми шаардагылар окуу акысын ашыкча кымбат коюп алышкан. Айрымдарынын баалары 10-15 миң долларга жетет.

Депутат Агартуу министрлигин бул маселени көзөмөлгө алууга чакырды. 

Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева аларда бул маселеси боюнча маалыматы бар экенин, ал боюнча ата-энелер, мугалимдер да кайрылганын айтты. Бирок алар окуу жайлардын баа саясатына кийлигише албай турганын билдирди. 

Министрдин айтымында, жеке мектеп жана бала бакчалардагы окуу акысынын кымбатташы мугалимдердин айлыгынын көтөрүлгөнү, окуучулардын тамактануусуна кеткен чыгымдардын көбөйгөнү менен байланыштуу. 


Тектеш материалды окуу