Жарыяланган
2025-20-05, 17:30Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Элдик банк жана "Ишкерликти өнүктүрүү фонду" чакан кредиттик компаниясы менен "Аялдар ишкерлигин өнүктүрүү" демилгесинин алкагында аялдардын бизнесин жеңилдетилген шартта каржылоо долбоорун ишке киргизүү боюнча макулдашууга кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Программа өлкө аймактарындагы аялдардын бизнес демилгелерин колдоого жана алар үчүн каржылык ресурстарды жеткиликтүү кылууга багытталган.
Долбоор Япониянын кедейчиликти азайтуу фонду тарабынан Азия өнүктүрүү банкы аркылуу каржыланууда. Ага грант катары 40 миллион сом бөлүнгөн.
Жеңилдетилген насыялар аймактарда (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) иш алып барган аял ишкерлерге 12% жылдык ченден ашпаган чекте 8 жылга чейин берилет.