Akchabarsearch
    Министрлик балыктар массалык түрдө өлүп жатат деген маалыматты четке какты

    Жарыяланган

    2025-20-05, 18:03

    Министрлик балыктар массалык түрдө өлүп жатат деген маалыматты четке какты

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстанда балыктар массалык түрдө өлүп жатат деген маалыматты четке какты. 

    Министрлик белгилегендей, социалдык тармактарга өлкөдө балыктар өлүп жатканы тууралуу маалымат тараган. Бирок Балык өнөр жай комплекси департаментине жарандардан, дыйкандардан, балык өстүргөн ишкерлерден же жергиликтүү бийликтен Чүй облусундагы көлмөлөрдө балыктардын массалык өлүп жаткандыгы тууралуу расмий билдирүү түшкөн эмес. 

    "Мындай такталбаган маалыматтар ата мекендик балык өстүрүүчүлөрдүн, ихтиологдордун ишкердик беделине доо кетирип, зыян алып келиши мүмкүн жана калк арасында керексиз тынчсызданууну жаратат. Балык өнөр жай комплекси департаменти социалдык тармактардын колдонуучуларын тастыкталган гана маалыматты таркатууга чакырат", - деп айтылат маалыматта. 

    Министрлик билдиргендей, балыктардын өлүмүнүн фактылары болгон учурда аталган департамент ветеринардык жана тиешелүү кызматтар менен бирге жерине барып текшерүү жүргүзүп, расмий маалыматты чыгарат.

    Чүй облусунун (Камышановка айылы) ветеринарлары Сокулук районунун экологдору менен бирге суунун үлгүсүн алып, изилдөө иштерин жүргүзүүгө лабораторияга жөнөтүштү. Анализдердин жыйынтыгы тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.


    Тектеш материалды окуу