Жарыяланган
2025-20-05, 15:40Президент Садыр Жапаров "Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган кодекске минималдуу күрөө, "видеоконференция байланышы" жана “трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо)” түшүнүктөрү киргизилүүдө.
Мыйзамга ылайык, кылмыштын оордугуна жараша күрөөнүн минималдуу өлчөмдөрү белгиленди. Ал боюнча коркунучу аз жана анча оор эмес кылмыш иштери боюнча күрөөнүн өлчөмү 50 миң сом, оор жана өзгөчө оор кылмыш иштери боюнча кеминде 500 миң сомду түзөт. Күрөөнүн өлчөмү коюлуп жаткан доодо келтирилген зыяндын өлчөмүнө, кылмыштын оордук даражасына жана айыпталуучунун ким экендигине жана мүлктүк абалына жараша тергөө судьясы, судья, сот тарабынан аныкталат.
Күрөө койгон адам камакка алынбайт. Ага тергөө, соттук териштирүү учурунда эркиндикте жүрүүгө мүмкүндүк берилет. Эркиндикте жүргөндө өзүнө алган милдеттенмелерди бузбаса, ага күрөөсү кайтарылат. Болбосо күрөөгө коюлган акча мамлекетте калат.
Белгилей кетсек, күрөө бардык эле кылмыш иштери боюнча колдонулбайт. Күрөө колдонулбай турган беренелердин тизмеси мыйзамда белгиленген.
Ошондой эле бул мыйзам боюнча соттук отурумдарда аудио жана видеожазуу милдеттүү болот. Кокус үн жана видеожазуу болбосо, ал соттун чечимин өзгөртүүгө, кайра кароого же жокко чыгарууга негиз боло алат.
Айыпталуучу соттук отурумдардын протоколдору менен (анын ичинде аудио жана видео жазуулар менен) таанышууга, аларга карата сын-пикирлерди берүүгө, соттук отурумду телевидение, радио жана (же) Интернет аркылуу түз эфирде көрсөтүү (онлайн-трансляциялоону) жолу менен жүргүзүү жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктуу болду.