Akchabarsearch
Айры-Там айылына 10.7 млн сомго атайын техника сатып алууга тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-02-03, 18:06

Айры-Там айылына 10.7 млн сомго атайын техника сатып алууга тендер жарыяланды

Жалал-Абад облусунун Айры-Там айыл өкмөтү Айры-Там айылына 10 млн 735 миң сомго атайын техника сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекттик  сатып алуулар порталында айтылат.

Ал каражаттын 7 млн 435 миң сому Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондунан, ал эми 3 млн 300 миң сому жергиликтүү бюджеттен алынат.

Тендерге катышууну каалагандар 17-мартка чейин арыздарын бере алышат.

Атайын техника тендердик келишим түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде Айры-Там айылына жеткирилиши керек.
 


Тектеш материалды окуу