
Жарыяланган
2026-26-02, 18:05Ак-Өргө конушунун аймагындагы Кырк-Кыз көчөсүндө мыйзамсыз иштеп жаткан жай аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Текшерүүнүн жыйынтыгында муниципалдык аймакта тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз кафе жана тандыр нанын даярдоо жана сатуу жайы жайгаштырылганы белгилүү болду. Объекттин ээлерине буга чейин расмий билдирүүлөр тапшырылып, аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу талабы менен бир нече жолу эскертүүлөр берилген.
Ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу талаптары аткарылбагандыктан, жайды Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы бузууда. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 200 чарчы метр муниципалдык жер бошотулат.



