
Жарыяланган
2026-04-03, 08:59Бишкекте унаа токтотуучу жайларды иретке келтирүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Долбоордун зарылдыгы унаалардын көп болушу менен байланыштуу: шаарда 468 миңге жакын унаа катталган, ал эми келгендерди эске алганда күн сайын алардын саны 700 миңге жетет.
Натыйжада, унаалар көбүнчө жол жээктерине, тротуарларга жана жашыл аянттарга токтотулуп, тыгындарга алып келет.
Бул долбоордо жол жээктериндеги башаламан унаа токтотууну, жол тыгынын азайтып, коомдук транспортко жана тез жардам кызматтарына жетүүнү жакшыртат деп күтүлөт.
Пилоттук режим 2027-жылдын 1-февралына чейин улантылат. Натыйжаларын баалоодон кийин бул практиканы туруктуу негизде киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынат.



