Akchabarsearch
    Акылбек Жапаров Борбор Азия бир күч болбосо, дүйнөгө үнү жетпей турганын айтты

    Жарыяланган

    2025-23-05, 11:43

    Акылбек Жапаров Борбор Азия бир күч болбосо, дүйнөгө үнү жетпей турганын айтты

    Мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү бир күч болбосо, дүйнөгө үнү жетпей турганын билдирди. 

    Жапаров дүйнөлүк тартиптин өзгөрүшү жана бул шартта Борбор Азиянын орду деген теманын алкагында уюштурулган «Борбор Азия — Кытай» тегерек үстөлүнө катышкан. Анда Кытай өңдүү ири мамлекет Борбор Азия өлкөлөрү менен өз-өзүнчө сүйлөшпөй турганын, жаңы доордо бул аймак бир күч болушу керектигин айткан. 

    "Борбор Азия аймак катары бириккен, координацияланган күч болбосо, дүйнөлүк оюнчулар биздин үнүбүздү укпай калышы мүмкүн", - дейт ал. 

    Акылбек Жапаровдун пикири боюнча, Кытай менен бир гана дипломатиялык мамиле эмес, чыныгы кызматташтык жана аймактык өнөктөштүк түзүлүшү зарыл. Ал үчүн жаңы модель зарыл:

    • Транспорттук байланыштарды жакшыртуу;
    • Чогуу өндүрүш куруу жана технологияны бөлүшүү;
    • Жашыл энергетика жана суу маселесин аймактык деңгээлде чечүү;
    • Санариптик платформаларды ишке ашыруу;
    • Жаңы муундагы региондук адистерди даярдоо.

    Жөн гана жолугушуулар жетишсиз экенин, өкмөттөр, бизнес жана эксперттер ортосундагы туруктуу иштеген механизмдер керектигин айткан Жапаров сөздөн ишке өтчү учур келгенин белгиледи.

    "Бул — чоң мүмкүнчүлүк. Бирок ага жетиш үчүн биз аймак катары ойлонушубуз керек. Биргелешкен аракет гана бизге туруктуулук жана өнүгүү алып келет", - дейт ал. 


    Тектеш материалды окуу