Жарыяланган
2025-23-05, 17:37Кыргызстанда алгачкы жолу мандарин, апельсин жана кункуват (апельсиндин бир түрү) сыяктуу цитрус өсүмдүктөрү жана зайтун сыноо иретинде өстүрүлө баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Көчөттөр Түркиядан алынып келинген. Сыноо Баткен облусунун Кадамжай районунда жүргүзүлүп жатат. Ал жерде агроклиматтык шарттар өсүмдүктөрдүн адаптацияланышы үчүн кыйла ыңгайлуу. Алынган жыйынтык өлкөнүн түштүк региондорунда көчөттөрдү мындан ары көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн аныктайт деп күтүлүүдө.
"Сыноолордун максаты - өсүмдүктөрдүн климаттык жана топурак шарттарына туруктуулугун, түшүмдүүлүгүн, илдеттерге жана зыянкечтерге туруктуулугун баалоо болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.