Akchabarsearch
    Кыргызстан боюнча 60 миңден ашык гектар жерди чегиртке каптаган
    Сүрөт алынган жер: Интернет

    Жарыяланган

    2025-23-05, 13:59

    Кыргызстан боюнча 60 миңден ашык гектар жерди чегиртке каптаган

    Кыргызстан боюнча 60 миңден ашык гектар жерде чегиртке аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

    Маалыматка караганда, 22-майга карата Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан өлкө боюнча 79  миң 614 гектар жер текшерилип, анын 60  миң 66 гектарында зыянкечтер аныкталган. Чегиртке каптаган жерлердин 77%ына же 46 миң 376 гертарына атайын техникалар жана жеңил авиациянын жардамы менен химиялык дары чачылган.

    Чегирткеге каршы күрөшүүдө "Дельта эксперт", "Хлорсан" жана "Талстарт" дарылары колдонулууда.


    Тектеш материалды окуу