Akchabarsearch
Акыркы беш жылда бажы төлөмдөрдөн ага чейинки 30 жылга караганда көбүрөөк акча түштү

Жарыяланган

2026-20-08, 18:13

Акыркы беш жылда бажы төлөмдөрдөн ага чейинки 30 жылга караганда көбүрөөк акча түштү

Акыркы беш жылда бажы төлөмдөрдөн ага чейинки 30 жылга караганда көбүрөөк акча түштү. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.   

Мекеменин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2020-жылы 28.9 млрд сом бажы төлөмү жыйналган. 

2021-жылы - 46.9 млрд сом, 2022-жылы - 74.3 млрд сом, 2023-жылы - 111.5 млрд сом, 2024-жылы - 123.1 млрд сом, 2025-жылы - 157.4 млрд сом чогултулган. 2020-жылдан бери бажы төлөм түшкөн акча 5.4 эсе көбөйгөн.   

Ал эми быйылкы жеит айында болсо 105.9 млрд сом жыйналган.   

1991-2020-жылдар аралыгында өлкө бюджетине бажы төлөмдөрдөң 452.7 млрд сом түшсө, 2021-жылдан тарта 2026-жылдын август айына чейин 619.1 млрд сом түштү. Акыркы беш жылда түшкөн акча ага чейинки 30 жылдагыдан да көп болууда. 


Тектеш материалды окуу