
Жарыяланган
2026-20-08, 16:122026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандан чет жакка дээрлик 321.4 млн сомго кумшекер экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Беш айда сыртка жалпы дээрлик 5 миң тонна кумшекер кеткен.
Кыргызстандын кумшекери Өзбекстан (3.9 миң тоннадан ашык), Тажикстан (дээрлик 1.1 миң тонна) жана Казакстанга (3.3 тонна) экспорттолгон.
2025-жылдын январь-май айларына караганда экспорт 2.14 миң тоннага азайган. Былтыр беш айда чет жакка 7.1 миң тоннадан ашык кумшекер сатылган.



