
Жарыяланган
2026-20-08, 15:10Талас шаарындагы А. Оторбаев менен Мырзалиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жүк ташуучу унааларда дарбыз-коон саткандардын иши токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жол боюнда дарбыз-коон сатылып жаткан 8 жүк ташуучу унаа алынган. Аларга соода кылуу үчүн шаардагы мал базардын жанынан жер табылып берилген.
Шаар бийлиги жол боюнда дарбыз-коон саткан соодагерлерге буга чейин бир нече жолу эскертүүлөр берилген билдирди.



