Akchabarsearch
Оштогу эски базардын ордуна жаңы туристтик комплекс салынат

Жарыяланган

2026-20-08, 14:15

Оштогу эски базардын ордуна жаңы туристтик комплекс салынат

Ош шаарындагы борбордук базардын мурдагы ордуна жаңы маданий, туристтик эс алуу комплекси курулат. Тиешелүү меморандумга 20-август мэр Жанарбек Акаев жана аталган жайдын менчик ээлери ортосунда кол койду.  

Долбоорго ылайык, эски базардын жеринде байыркы Оштун тарыхын жана маданиятын чагылдырган этно-борбор, эс алуу жайлары жана соода түйүндөрү каралган.  

Жаңы комплекс жер ээлери тарабынан салынат деп пландалууда. Ошондой эле аларга кенемте берүү маселеси каралат.  

Курулуш иштерин 1-сентябрдан тарта башталышы мүмкүн.  


Тектеш материалды окуу