Akchabarsearch
Кытай жарандары Кыргызстанга келиши үчүн мурдагыдай эле виза алышы керек

Жарыяланган

2026-20-08, 13:40

Кытай жарандары Кыргызстанга келиши үчүн мурдагыдай эле виза алышы керек

Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн 10 күндүк визасыз режимди бир тараптуу киргизип жатат. Кытай жарандары үчүн Кыргызстанга кирүүдө, мурдагыдай эле, виза талап кылынат. Бул тууралуу президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.  

Сагынбек Абдумуталип Кытай кыргыз жарандары үчүн визалык жеңилдиктерди бергенин белгилеп, Кыргызстан бул чечимди колдой турганын айтты.  

Кытай тараптын чечимине ылайык, кыргызстандыктар коңшу өлкөгө 10 күнгө чейин визасыз  транзит менен жүрө алат. Мындайча айтканда, Кытайга бара турган кыргызстандык кайра мекенине башка өлкө аркылуу келиши керек.   

“Кыргызстандык жаран Бээжин же Шанхай же Кытайдын башка бир шаарына визасыз баргысы келсе, ал жакка авиабилетти түз алып, ал эми он күн өткөндөн кийин Кыргызстанга кайта турган авиабилетин кошуна өлкөлөр аркылуу каттам менен алганы жетиштүү. Мисалы, Шанхай - Алма-Ата - Бишкек же Бээжин - Ташкент - Ош деген сыяктуу", - дейт Сагынбек Абдумуталип.  

Андан тышкары Кытай тарап Кыргызстандын жарандарына Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берди.   

"Муну менен кыргызстандыктар визалык төлөмдөрдү төлөөдөн, виза алуу үчүн документ топтоо, консулдук кызматка барууга убакыт коротуудан арылат", - дейт ал.    

Кытай кыргызстандыктар үчүн визалык жеңилдик бергени менен Кыргызстанга келем деген коңшу өлкөнүн жарандары мурункудай эле виза алышы керек болот. 

Болгону буга чейин Кыргызстанга уюшма туристтик топ менен келе турган кытайлык жарандарга 21 күнгө чейин визасыз режим киргизилген.  


Тектеш материалды окуу