
Жарыяланган
2026-20-08, 12:302026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандан чет жакка 165.3 млн сомго картошка экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Сыртка жалпы 15.7 миң тоннадай картошка сатылган.
Кыргызстандан картошка Өзбекстан (дээрлик 14 миң тонна), Казакстан (дээрлик 1.3 миң тонна), Тажикстан (360.5 тонна) жана Россияга (48.8 тонна) кеткен.
2025-жылы беш айда чет жакка дээрлик 20 миң тонна картошка экспорттолгон.



