
Жарыяланган
2026-20-08, 11:35Эми 20-августтан тарта Кыргызстандын жарандары Кытайга визасыз бара алышат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Улуттук иммиграциялык администрациясы кабарлады.
Маалым болгондой, кыргыз жарандары Кытайга эки жол менен визасыз бара алат, бирок алардын ар биринин өз шарттары бар.
Биринчиси боюнча, кыргызстандыктарга Кытайда 240 саат же 10 күн транзит менен визасыз жүрүүгө уруксат берилди. Бирок ал Кытайдан транзит аркылуу өтө тургандарга тиешелүү.
Маселен, Бишкектен Бээжинге уча турган болсоңуз, сизде 10 күндөн кийин башка өлкөгө учуп кеткенге билет болушу керек. Бул визасыз тартип Кытайдан транзит аркылуу өтө тургандар үчүн жарактуу болгондуктан кайра өз өлкөңө чыгып кеткенге болбойт: билетти Бишкектен Бээжинге, Бээжинден кайра Бишкекке кеткенге деп алган жарабайт. Кайсы шаарга, район же провинцияга барсаңыз, ошонун аймагынан чыгууга болбойт.
Экинчиси, кыргыз жарандарына Кытайдын Хайнань провинциясына визасыз барууга жол ачылды. Ал жакта 30 күнгө чейин визасыз жүрө аласыз. Хайнанга баргандан кийин кайра Кыргызстанга же башка өлкө чыгып кетсеңиз болот. Сөзсүз башка өлкөгө чыгыш керек деген шарт жок.
Бул эки визасыз тартип эс алганы, ишкерлик, тууган-досторун көргөнү баргандар үчүн иштейт. Кокус иштегени, окуганы же журналисттик иш боюнча барам десеңиз, анда баягыдай эле виза алууга туура келет.



