Akchabarsearch
Кореядан төрт унаа мыйзамсыз алынып келгени аныкталды

Жарыяланган

2026-20-08, 17:13

Кореядан төрт унаа мыйзамсыз алынып келгени аныкталды

Кореядан Кыргызстанга төрт унаа мыйзамсыз алынып келгени аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.   

Маалым болгондой, "Түндүк" темир жол бажысынын кызматкерлери Түштүк Кореядан келген контейнерди текшерүү учурунда  анын ичиндеги унаалар менен коштомо кагаздарда көрсөтүлгөнү башка-башка унаалар болгонун аныктаган.    

Документтерде контейнерде KIA K3, KIA Sportage, Hyundai Kona жана Hyundai Sonata унаалары ташылып келе жатат деп көрсөтүлсө, иш жүзүндө Toyota Camry, Hyundai Sonata, BMW 530 жана Hyundai Palisade унаалары болгон.   

Ага кошо документте көрсөтүлгөн унаалар Кыргызстанга 2025-жылы декабрда эле алынып келгени белгилүү болгон.   

Бул факты боюнча материалдар Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, жыйынтыгында, мамлекетке 1 млн 430.4 миң сом өндүрүлгөн. 


Тектеш материалды окуу