
Жарыяланган
2025-25-11, 11:31Кыргызстанда акыркы үч жылдын ичинде 400гө жакын курулуш компаниясынын лицензиясы жокко чыгарылган. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтуусунда, курулуш иштеринин сапаты түздөн-түз каржылоонун туруктуулугуна көз каранды.
“Турак жайдын пайдубалы тургузулгандан кийин каржы жетишпей, курулуш бир жылга токтоп калса, сапатка чоң зыяны тийет. Жаан-чачын, кар алдында турган пайдубалдын бекемдиги төмөндөйт. Эгер акча жок иш токтосо, жок дегенде пайдубалды толук жаап коргоо керек,” — деди ал.
Талантбек Иманакун уулу мурунку жылдары тендерлерде тааныш-билиштик менен жеңип алып, калагы, күрөгү да жок компаниялар болгонун белгиледи. Алар тендерден утуп алган соң, ишти башка курулушчуларга өткөрүп берип коюп, сапат маселесин көңүл сыртында калтырышкан.
“Ушундай көрүнүштөрдү токтотуу үчүн акыркы үч жылда 400гө жакын курулуш компаниясынын лицензиясын жокко чыгардык,” — деп кошумчалады министрдин орун басары.



