
Жарыяланган
2025-12-11, 15:42Бишкек шаарында муниципалдык унаа токтотуучу жайларда төлөм жүргүзүүнүн заманбап ыкмасы киргизилүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматта муну менен унаа токтотуучу жайлардагы кызматкерлерге накталай акча берүү токтотула турганы айтылат. Бул каражаттар түздөн-түз жергиликтүү бюджетке түшөт жана мындай аракет менен коррупциянын алдын алууга шарт түзүлөт.
Төлөмдү унааны токтоткондон кийин же унаа токтотмо жайдан чыгып бара жатканда жүргүзсө болот. Эгер айдоочу акча төлөбөсө, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул каралган. Жекшемби күндөрү жана майрам күндөрү унаа токтотуу акысыз.
Эске салсак, Орозбеков көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки жана Турусбеков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки аралыгында, Безымянная жана Тоголок Молдо көчөлөрүндө QR-код системасы штаттык режимде иштеп жатат. Жакынкы аралыкта накталай эмес төлөм толугу менен ишке киргизилип, борбордун дагы башка көчөлөрүнө этап-этабы менен жайылтылат.



