
Жарыяланган
2025-05-12, 16:51Быйыл 11 айда өнөр жай ишканалары, мончолор, сауналар жана жеке үйлөрдү камтыган 650дөн ашуун объект текшерилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Кургак чөптү, тиричилик жана курулуш калдыктарын өрттөө фактылары боюнча 290 протокол түзүлүп, жалпы 2 млн 903 миң сом айып пул салынды.
Райондор боюнча:
• Ленин району — 74 протокол, 772 миң сом
• Октябрь району — 36 протокол, 456 миң сом
• Свердлов району — 95 протокол, 852 миң сом
• Биринчи Май району — 85 протокол, 823 миң сом айып пул салынган.
Муниципалдык инспекция тургундарды таштандыларды жана кургак чөптү өрттөөгө тыюу салынарын эскертип, эреже бузган жеке жактарга — 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга — 23 миң сом айып пул каралганын эскертти.



