Akchabarsearch
«Ала-Арча» жаратылыш паркына 1-майдан тарта электр унаалар гана киргизилет

Жарыяланган

2025-30-04, 09:52

«Ала-Арча» жаратылыш паркына 1-майдан тарта электр унаалар гана киргизилет

«Ала-Арча» жаратылыш паркына 1-майдан тарта электр унаалардан башка унаалар киргизилбейт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди.

Ал эми бүгүн, 30-апрелде «Ала-Арчада» санитардык күн өткөрүлүп, аймакты тазалоо жана жаңыланган көзөмөл-өткөрмө пунктунун аймагына асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт. Ага байланыштуу жаратылыш паркка унаалар киргизилбейт. 

Аны менен бирге «Ала-Арчанын» аймагына мейманкана менен ресторандарды алдын ала брондогондор гана киргизилет.

"Ошондой эле, парк ичинде жүрүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилет. 1-майдан тарта парк кадимки тартипте иштей баштайт", - деп айтылат маалыматта.


Тектеш материалды окуу