
Жарыяланган
2026-18-02, 15:14Садыр Жапаров 18-февралда Ала-Арча жаратылыш паркында гондоль тибиндеги жаңы асма жолдун ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы акыркы жылдары паркта инфратүзүм толук жаңыланып, туристтер үчүн заманбап шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Узундугу 1 чакырымды түзгөн асма жол саатына миңге жакын адамды тоого жеткире алат. Долбоорду австриялык Doppelmayr компаниясы ишке ашырган.
Президент асма жолдун экинчи этабы 12 чакырымга чейин узартылып, парктын жетүүгө кыйын аймактарын камтарын айтты. Мындан тышкары, паркта заманбап коттедждер, родельбан жана беш жылдыздуу мейманкана курулууда.
Анын айтымында, жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында парктын кирешеси 2020-жылдагы 29 млн сомдон 2025-жылы 262 млн сомдон ашып, дээрлик 9 эсеге өстү. Бардык төлөмдөр электрондук форматка өткөрүлгөн.
Садыр Жапаров өлкөнүн туристтик потенциалын толук пайдаланып, Кыргызстанды тоо туризми боюнча дүйнөгө таанытуу максаты коюлганын белгиледи. Ошондой эле инвесторлорго ачык экенин айтып, ишкерлерди негизсиз текшерүүлөрдөн коргоо боюнча мораторий киргизилгенин кошумчалады.


