
Жарыяланган
2026-30-10, 10:15«Ала-Арча» жаратылыш паркында узундугу 732 метр болгон айнек асма көпүрөнүн курулушу ноябрь айында башталат. Көпүрө дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө катары Гиннесстин рекорддор китебине кириши мүмкүн. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди.
29-октябрда президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев европалык компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп, көпүрө курула турган жерди көрүп чыкты.
Курулушту 2026-жылдын ноябрында баштап, 2027-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Мындан тышкары, Тепши платосунан Теке-Тоо тоосуна жана шаркыратмага чейин жөө басып барууга ылайыкталган атайын жол салынат.
Белгилей кетсек, буга чейин «Ала-Арчада» жаңы асма жол ишке кирип, эс алуу үйлөрү курулган. Учурда беш жылдыздуу мейманкананын курулушу аяктап калды.


