
Жарыяланган
2026-10-03, 11:39Аламүдүн районунда мыйзамсыз сатылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2006-жылы Таш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан 10,72 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, баасы 9 млрд 161 млн 526 миң 400 сомду түзгөн 10,72 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.



