Akchabarsearch
Алгачкы документтери жок зер буюмдарды 1-мартка чейин легалдаштырууга болот

Жарыяланган

2026-04-02, 16:35

Алгачкы документтери жок зер буюмдарды 1-мартка чейин легалдаштырууга болот

Алгачкы документтери жок баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды 1-мартка чейин легалдаштырууга болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул чара мурда алынып келинген же өндүрүлгөн, бирок документтери жок зер буюмдардын калдыктарына тиешелүү. Легалдаштыруу иши зер буюмдардын жүгүртүлүшүн тартипке салууга, ишкердик үчүн ачык-айкын шарттарды түзүүгө жана ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн административдик жүктү азайтууга багытталган.

Легалдаштыруу мезгилинде зер буюмдарды сыноо жана эн тамгалоо үчүн пробирдик жыйымдын төмөндөтүлгөн ставкалары колдонулат. Алтын, платина жана палладийден жасалган буюмдар үчүн жыйым 10 сом, ал эми күмүштөн жасалган буюмдар үчүн 8 сом түзөт.

Салык төлөөчүлөр жоопкерчилик чараларынан бошотулуу үчүн электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасы аркылуу тиешелүү документти белгиленген мөөнөткө чейин тариздеши керек.


Тектеш материалды окуу