
Жарыяланган
2026-05-03, 16:28"Ош" эл аралык аэропортунда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн алтын буюмдарын мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө өлкөгө тиешелүү коштомо документтери жок, жалпы баасы 1 миллион сомдон ашкан алтын буюмдарын (шакек, сөйкө жана чынжырлар) алып кирүү аракети аныкталган.
Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратуранын органдарына жөнөтүлдү.



