Akchabarsearch
Ош аэропортунда 14 млн сомго жакын алтынды мыйзамсыз ташып кирүү аракети токтотулду

Жарыяланган

2025-01-12, 17:06

Ош аэропортунда 14 млн сомго жакын алтынды мыйзамсыз ташып кирүү аракети токтотулду

Салык кызматынын кызматкерлери баасы 13.9 млн сомдон ашкан алтын буюмдарды мыйзамсыз ташып кирүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын аэропортунда жүргүнчүлөрдүн биринин жүгүн текшерүү учурунда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн ташып келинген, тиешелүү документтери жок алтындар ((билерик, чынжырча жана сөйкөлөр) табылган.

Бул мыйзам бузуу боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, мыйзам боюнча чаралар көрүлөт.
 


Тектеш материалды окуу