
Жарыяланган
2026-21-09, 17:442026-жылы алты айда Ош шаарында 30 жаңы сейил бак жана сквер ачылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, сейил бактар салынган жерлер буга чейин кароосуз, бош жаткан.
Эми ал жерлерде жарандар сейилдеп басканга шарттар түзүлдү: жөө басканга жолдор, отургучтар, жарыктандыруу орнотулуп, бактар тигилип, жашылдандырылды.



